Бугу 08, 2024
Убакыт: 18:29
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Маршруттук таксилердин иш таштоосунда саясат жокпу?

03.06.2021 12:57
852
Маршруттук таксилердин иш таштоосунда саясат жокпу?


Эки күндөн бери борбор калаабызда коомдук маршруттук таксилер иш таштап, натыйжада жумушуна убагында жете албаган, аялдамаларда күндүн аптабына какталган шаар тургундары кыйла азап чегүүдө. Кыйынчылык күндөрдө бири-бирине кол сунган жагынан өзгөлөргө үлгү көрсөтө алган кыргыз эли бул ирет да мындай демилгени өз колуна алышты. Машинасы бар шаар тургундары жолдо маршруттук такси күтүп турган жарандарды сала кетип жаткандары көңүл кубанта турган көрүнүш. Ал эми айрым шаардыктар жумуштарына велосипед менен, же жөө-жалаңдап барууда. 


Албетте, маршруттук таксилердин жапырт ишке чыкпай койгону бир жагынан көйгөй жаратса, экинчи жагынан эки күндөн бери шаар көчөлөрү кыйла бошой түшкөнү, жол тыгындарынын дээрлик жокко эсе болуп калганы байкалды. Жол тыгындарынын азайганы шаардын экологиясына да жакшы таасирин берет эмеспи? 


Демек, ушундан улам маршруттук таксилерди ушул «бойкотторунун» негизи менен биротоло «пенсияга» узатып, ордуна шаардыктар үчүн кыйла ыңгайлуу, ичи кенен автобустардын санын көбөйтүү зарылчылыгы жаралганы айтыла баштады. Орундугу он бештин тегерегиндеги (айрым маршруттук таксилерде туруп бара турган жүргүнчүлөр көбүрөөк батыш үчүн алдыңкы орундуктары алынып салынганын көрүп эле жүрөбүз) маршруттук таксилерде 40-50 адам болуп тыгылып, кайсыл жерге жеткениңди, кайда кетип жатканыңды көрө албай, бириңдин жытың экинчиңе сиңишип, далыңдан ылдый тер шорголотуп жол жүргөнчө, автобустарда кеңири жол жүргөн кыйла ыңгайлуу эмеспи? Андыктан маршруттук таксилердин ордуна автобустарды линияга кое берүү демилгесин шаардыктардын басымдуу бөлүгү колдосо керек. 


Экинчиден, жөө калган шаар тургундарынын үнүн эки күндөн бери уга турган шаар бийлиги байкалбайт. Мэрдин бар экени, же жок экени билинбейт. Ал эми шаардык кеңештин депутаттарынан үн чыкпайт. Эмнеге? Же борбор калаадагы транспорт мафиясы ушул шаардык кеңештин депутаттарынын колундабы? Балким, жол кире акысын көтөрүү талабын ошолор атайылап уюштуруп жатышкан жокпу? 


Үчүнчүдөн, маршруттук таксилердин иш таштоосунан улам шаардыктардын нааразычылыгын жаратуу саясаты жасалбай элеби? Булардын иш таштоосунун артында эч кандай саясий оюндар катылган эмеспи? Эгерде эч кандай саясий оюн жок болсо, анда жол кире акысы маселесин мэрия, шаардык кеңеш иш таштоого жеткирбей эле талкууга алып, тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп чечсе болбойт беле? 


Албетте, айдоочулардын талабын да түшүнсө болот. Он жылдан ашуун убакыттан бери жол кире акысы 10 сом боюнча турат. Ал эми күйүүчү-майлоочу майлардын, автотетиктердин баалары андан бери кыйла көтөрүлдү. Ага кошумча азык-түлүк баасы да асман чапчыды. Андыктан алардын талабында да жүйөө бар. Бирок, аны иш таштоо жолу менен чечүү туура кадам болбой турат. Себеби, ансыз да өлкөбүздө саясий абал толук кандуу турукташа албай турганда, бул жагдайды да өз кызыкчылыгына пайдалангысы келгендер чыгат. Балким, ошондой кызыкчылыгы барлардын тымызын уюштуруусу болду. 


Демек, тиешелүү мамлекеттик укук коргоо органдары иш таштоонун ушул жагдайына да бир көңүл буруп койгону дурус. Эмнеге мэриянын, шаардык кеңештин депутаттары унчукпай отурганын да сураш керек. Себеби, бул маселени мынчалык ырбатпай чече тургандар ошолор эле да. 


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн