Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:00
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Мартта күйүүчү майдын баасы 10 пайызга көтөрүлөт

16.02.2021 11:52
1078
Мартта күйүүчү майдын баасы 10 пайызга көтөрүлөт

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы республикада күйүүчү-майлоочу майдын баалары 2021-жылдын март айына чейин орто эсеп менен 9-10 пайызга өсүшү мүмкүн деп божомолдоодо. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.


Болжомол  республикада болгон мунай заттарынын учурдагы запасын жана Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун учурдагы сатуу бааларын талдоонун негизинде түзүлгөн. 2021-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанга Россиянын төрт заводунан күйүүчү май ташылган.


Жыл башынан бери бензин тобу үчүн сатуу 100-140 долларга (литр 7-9,8 сомго), дизелдики 40-60 долларга жогорулаган.


"Россиянын сатуу бааларынын көтөрүлүшү мунай заттын дүйнөлүк баасынын көтөрүлүшү, заводдордо мунайды кайра иштетүү көлөмүнүн төмөндөшү жана жазгы талаа иштери башталганга чейин мунай заттарына күтүлүп жаткан суроо-талап менен байланыштуу. Эл аралык Валюта Фонду дүйнөлүк экономиканын калыбына келишине байланыштуу 2021-жылы мунай заттын баасы 2 пайызга көтөрүлөт деп болжолдогон. Argus эл аралык көз карандысыз агенттигинин маалыматы боюнча, пандемиянын 2011-жылдын деңгээлине чейин төмөндөшүнүн натыйжасында 2020-жылы Россиянын заводдорунда мунайды кайра иштетүү көлөмү кыскарган”, - деп белгилешти Нефтетрейдерлер ассоциациясы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн