Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 03:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Мас абалдагы баласы атасын бычактап өлтүргөн

21.02.2021 08:20
1140
Мас абалдагы баласы атасын бычактап өлтүргөн

Өзбекстандын Кашка аймагында мас абалдагы баласы өз атасын көчөгө чыгууга тоскоол болгон үчүн өлтүргөн. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазды.


Аймактык милиция кызматкерлери маалымдагандай, бала   2020-жылы 3-ноябрда саат 18: 00дө көчөдө спирт ичимдигин ичип отуруп үйгө мас абалында келип,   чогуу иштеген таанышы менен телефон аркылуу урушуп кеткен.


Ал бычакты алып, сыртка чыгып бара жатканда, анын 66 жаштагы атасы уулун токтотууга аракет кылган. Бирок уулу атасына жолун тоскоол болбоого чакырган, айлык акысын алып келерин айткан. Бирок атасы мас абалында сыртка чыгууга уруксат берген эмес.


Ата менен баланын урушунун натыйжасында уулу атасын сол көкүрөк тушуна бычак менен сайып, атайылап өлтүргөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн