Бугу 10, 2025
Убакыт: 12:39
USD
87.30
87.80
EUR
98.00
99.00
RUB
1.030
1.085

Масадыков Пакистан ТИМ өкүлү менен регионалдык коопсуздукту талкуулады

25.10.2021 14:54
471
Масадыков Пакистан ТИМ өкүлү менен регионалдык коопсуздукту талкуулады

2021-жылдын 22-октябрында КР Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Пакистандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Сохэйл Махмууд менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки тараптуу кыргыз-пакистан кызматташтыгы, Афганистандагы жана анын айланасындагы кырдаалды, аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашты.


Эки тарап тең Афганистандагы кырдаалды турукташтыруу үчүн CASA-1000, ТАПИ жана Пакистан, Афганистан жана Өзбекстан ортосундагы темир жол куруу, регионалдык долбоорлордун маанилүүлүгүн жана аймактык коопсуздукту камсыздоо үчүн эл аралык коомчулуктун аракеттерин бириктирүү зарылдыгын белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн