Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев депутат Орозайым Нарматованын дипломуна байланыштуу маселе боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматын угууну сунуштады.
Масалиевдин айтымында, депутаттын мандатынан ажыратылышы 11 шартта каралаган.
"Борбордук шайлоо комиссиясы эч кандай негизсиз Билим берүү жана илим министрлигинин көрсөтмөсү менен эле депутат Орозайым Нарматованы мандатынан ажыратты. Конституцияда депутаттын мандатынан ажыратуу үчүн 11 шарт табылыш керек. Бул боюнча БШКнын маалыматын угуш керек",- деди Масалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн