Бугу 15, 2024
Убакыт: 04:22
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Маселеңди чечип берем деп пара талап кылган сот кызматкери кармалды

12.03.2020 14:50
1014
Маселеңди чечип берем деп пара талап кылган сот кызматкери кармалды


Ош облусунун райондук сотунун кызматкери 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 30 жаштагы А.Б. аттуу жаран андан алимент маселесин чечип берем деп 50 миң сом талап кылган Ош облусунун райондук сотунун кызматкерине чара көрүп берүүгө арызы менен кайрылган.


Аталган факты боюнча 326-берене (опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголгон. Ал эми, 10-март күнү сот аткаруучу талап кылган акча каражатын накталай алып жаткан жеринен кармалган.


Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда белгиленген 50 миң сом акча каражаты табылган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн