Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 16:55
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Маска таккыла деген кароолчуга тапанча такаган жарандар кармалды

22.10.2021 17:09
585
Маска таккыла деген кароолчуга тапанча такаган жарандар кармалды

Ээнбаштыкка шектелген жигиттер кармалды, деп билдирди бүгүн, 22-октябрда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы.


Окуя кечээ, 21-октябрда саат 10:30 чамасында Панфилов районундагы мектептердин биринде болгон. Ошол күнү мектепке 2 жигит барган. Кароолчу аларга медициналык бет капсыз экенин эскерткенде, жигиттер ага агрессия көрсөтүп баштаган. Кароолчу менен жигиттердин ортосунда уруш чыгып, жигиттер тапанча алып чыгып, аны октоп, кароолчуну коркуткандан кийин унаага отуруп, качып кетишкен.


Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталды.


Жигиттерди кармоо үчүн милиция кызматкерлери «Колго түшүрүү» планын жарыялашкан. Анын жыйынтыгында Чүй ОИИББдин кызматкерлери ээнбаш жигиттердин биринин изине түшүп, аны Аламүдүн районунда кармашты. Экинчи жигитти Чүй ОИИББ менен Панфилов РИИБдин кызматкерлери колго түшүрүшкөн.


Кармалган жигиттер 2001-жылы туулган А.З. жана 2003-жылы туулган Н.Б. экени белгилүү болду. Алардын бирөөнөн 15 огу бар газ-пневматикалык тапанча табылган.


Тергөө уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн