Бугу 12, 2024
Убакыт: 21:24
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Массалык башаламандык уюштурууга шектелген Али Шабдан абакта калтырылды

09.11.2022 12:31
458
Массалык башаламандык уюштурууга шектелген Али Шабдан абакта калтырылды

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык соту активист Али Шабдандын баш коргоо чарасын карап, аны камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Сот активисттин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.


Али Шабдан коомдук-саясий окуяларга көз карашын эркин билдирип келген жарандык активист. Шабдан "Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин мүчөсү. Ал кармалышын мыйзамсыз жана түшүнүксүз экенин айтууда. 


Өлкөдө башаламандык уюштурууга айыпталып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттердин баары эки айга камакка алынган. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн