Акыркы күндөрү массалык иш-чараларга катышууда коронавирус жуктуруп алган учурлар кездешүүдө. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 10-июндагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, тыюу салууларга карабай, эл ар кандай иш-чараларды өткөрүп жатышат.
"Той, маараке сыяктуу ар кандай массалык иш-чараларды өткөрүп жатышат. Ушундай иш-чараларга баргандан жана адамдар менен контакта болгондуктан коронавирус жуктуруп алган учурлар катталууда. Ошондуктан массалык иш-чараларга катышпоого чакырабыз", - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн