Бүгүн эртең менен ооруканага ууланып түшкөн балдар ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.
Байтик айылынын "Кут-Билим" мектеп-интернатынын 23 окуучусу ууланып, 3-Балдар ооруканасына жаткырылган. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өзү барып алардын абалы менен таанышкан.
Саламаттыкты сактоо министрлиги балдарга бардык тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.
Эске салсак, бул иш боюнча вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева иликтөө жүргүзүүнү тапшырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн