Жетинин айы 08, 2025
Убакыт: 07:06
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.075
1.105

Массалык уулануудан кийин тамак-аштарды күтүүсүздөн текшерүү башталды

10.05.2022 14:29
863
Массалык уулануудан кийин тамак-аштарды күтүүсүздөн текшерүү башталды

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору соода объектилерин жана базарларды пландан тышкары текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.


Негизги максат — тамак-аштан массалык ууланууну алдын алуу.


Текшерүү маалында ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарына жооп бербеген товарлар изделет жана тез бузулуучу азыктарды сактоо шарттарын каралат.


Департамент коомчулукка төмөнкү чараларды сактоого чакырат:

кооптуу продукцияны сатып алганыңызды үйгө келгенден кийин билип калсаңыз аны пайдаланбаңыз жана өз алдынча жок кылууга аракет кылбаңыз;

продукцияны сизге саткан соода объектисине, сатуучуга жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун аймактык органдарына билдириңиз;

тез бузулуучу каймактуу кондитердик азыктарды көчөдөн жана сактоо шарттары сакталбаган (муздаткычтары жок) дүкөндөрдөн сатып албаңыз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн