Массалык үй-бүлөлүк же салттуу иш-чаралар учурунда COVID-19 инфекциясын жуктургандар көбөйдү. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.
«Ар кыл үй-бүлөлүк, салттуу иш-чараларга катышкан соң жарандар өздөрү келип кайрылган учурлар көбөйдү. Өткөрүүгө тыюу салууларга, сунуштарга карабастан, жарандар кош көңүл мамиле жасап жана көп санда чогулууну улантышууда. Жыйынтыгында тойлордун, тажыялардын жүрүшүндө илдетке кабылышууда», - дешти Саламаттык сактоо министирлигинин өкүлдөрү.
Биринчи
вице-премьер-министри Кубатбек Боронов баса белгилегендей, жергиликтүү бийлик
органдары тиешелүү иштерди жүргүзүп, бул маселени көзөмөлгө алууга тийиш.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн