ӨКМдин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан алынган кумшекер менен суу майдын баасы бекитилди. Бул тууралуу Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду министрлер кабинетинин буйругу менен рынокко кумшекер менен суу майга товардык интервенция жасашы керек.
"Монополияга каршы күрөшүү кызматы калктын аялуу катмарын коргоо үчүн кумшекер (килограммы 65 сом) менен суу майдын (литри 124,5 сом) баасын бекитти", — деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн