Бугу 06, 2024
Убакыт: 09:43
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Материалдык резервдер фондусуна 20 миң тоннадан ашык буудай сатылып алынды

18.10.2023 09:12
163
Материалдык резервдер фондусуна 20 миң тоннадан ашык буудай сатылып алынды


Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 20 миң 100 тонна азык-түлүк буудай данын сатып алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.


Анын айтымында, сатылып алынган дандардын сапаты үчүнчү класстан төмөн эмес, глютени 23 пайыздан кем эмес. Буудай данын сатып алуу улантылат.


Буга чейин Кыргызстанда ун менен буудайды экспорттоого тыюу салынган. Мындай чечим азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына базар баасын турукташтыруу максатында кабыл алынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн