Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Маткеримов жазгы талаа иштерине азыртадан даярдык көрүүнү сунуштады.
"Кыш келгенде кышка даярдык кандай даярдык болгонун баарыбыз көрдүк. Жазда дагы ушундай абал кайталанбашы үчүн азыртадан даярдык көрүү керек. Жазга даярдыкты кышта баштайлы",- деди эл өкүлү.
Депутат Маткеримов дыйкандарга бериле турган кредиттерди азыркы учурдан берүүнү тапшырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн