Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 12:10
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Матраимов Американын кара тизмесине кирди

09.12.2020 22:57
618
Матраимов Американын кара тизмесине кирди


Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов АКШнын кара тизмесине киргизилген. Бул тууралуу ЖМКлар билдирди.


Маалыматка ылайык, АКШнын глобалдык Магнит мыйзамына үч киши киргизилген.


Санкциялар Кошмо Штаттарга кирүүгө виза алууга жана АКШ банктарындагы каржы активдерине бөгөт коюуну билдирет.


"Райымбек Матраимов коррупцияга, анын ичинде мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз пайдаланууга,  мүлктү жеке кызыкчылыгы үчүн экспроприациялоого же жаратылыш байлыктарын казып алууга, паракорчулукка күнөөлүү же ага катыштыгы бар, учурдагы же мурунку мамлекеттик кызмат адамы аталган мыйзамга ылайык санкцияланган жарандардын тизмесине кирет", - деп АКШнын Каржы министрлигинин сайтында көрсөтүлгөн.


Райымбек Матраимовдон сырткары Макао жана Либериянын жараны кара тизмеге киргизилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн