Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Матраимов Молдовада өтө турган шайлоодо КМШ ПААнын байкоочулар тобун жетектейт

05.07.2021 16:56
996
Матраимов Молдовада өтө турган шайлоодо  КМШ ПААнын байкоочулар тобун жетектейт

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Молдовада өтүүчү парламенттик шайлоодо КМШ ПААнын байкоочулар тобун жетектейт. Тиешелүү буйрукту КМШ ПАА Кеңешинин Төрайымы, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко берди. Бул тууралуу аталган уюм билдирген.


Маалым болгондой, Парламенттер аралык ассамблеянын байкоочулары шайлоого узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүшкөн. Добуш берүү күнү КМШ ПААнын өкүлү болгон 100дөн ашуун байкоочу республиканын өзүндө дагы, башка өлкөлөрдөгү чет элдик шайлоо участкаларында дагы иштешет.


ПААнын тобу КМШ Парламенттер аралык Ассамблея Кеңешинин Башкы катчысы Дмитрий Кобицкий башында турган Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен келген Байкоочулар Миссиясынын курамындагы шайлоого көз салат. Анын талапкерлиги Шериктештиктин мыйзамдуу жана башка органдарынын алдындагы Шериктештикке мүчө мамлекеттердин Туруктуу Ыйгарым укуктуу Өкүлдөр Кеңешинин отурумунда макулдашылды.


Молдовада парламенттик шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн