Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 16:50
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Матраимов азыркы бийликти жер каратабы?

01.12.2020 09:29
522
Матраимов азыркы бийликти жер каратабы?


Буга чейин президенттикке талапкер Садыр Жапаров кызматта турганда бажы кызматынын жетекчиснин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов ноябрдын аягына чейин мамлекетке 2 млрд. сом төлөй турганын билдирген.


Матраимов кармалганда биринчи күн эле 80 млн. сом төлөгөн. Ноябрдын аягына чейин 2 млрд. сом төлөйт. УКМК аны алып келип жапкандан кийин эле мага кабар беришти. 6-7 саат бою сүйлөшүү жүрүптүр. Муну камап койгондо биз мамлекетке бир тыйын акча алып келе албайт элек. Мен саясий чечим кабыл алып, сурандым. УКМКнын төрагасынан “Муну камап койгондон эмне пайда” деп сурандым. 6-7 саат ошондой кеңешме өттү бизде”, - деген Жапаров 12-ноябрда өткөн маалымат жыйында.


Ал эми Каржы министрлигинин экономикалык мунапыс үчүн ачылган бирдиктүү депозитине Мараимов 646 миллион сом эле которду. Бул тууралуу КТРКнын эфиринде Борбордук казынанын жетекчисинин орун басары Мирлан Шабданов билдирди. Анын сөзүн аталган министрликтин маалымат кызматынан дагы тастыктаганын “Спутник” агенттиги маалымдады.


"Бирдиктүү депозитке жалпысынан 667 миллион сом келип түштү. Укук коргоо органдары анын 661 миллиону кызматтык, экономикалык кылмыштардан түшкөн каражат экенин маалымдады. Анын ичинен 646 миллион сому Райымбек Матраимовдон келген", — деген Каржы министрлигинен.


Жогоруда белгилүү болгондой Матраимов Садыр Жапаровго берген убадасынын жарымын да аткарган жок. Бүгүн, 1-декабрь. Бирок, акыркы маалымат боюнча бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары 650 млн. сомго жетпеген акча которгон. Ошондо Садыр Жапаровду жер каратып, уят кылгысы келгендер кимдер? Күч органдары мындай убаданы бергендерди неге көзөмөлгө албайт? 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн