Бугу 05, 2024
Убакыт: 08:02
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Матраимов 2 млрд сом эмес, андан ондогон эсе көп акча төлөсүн

04.11.2020 16:52
665
Матраимов 2 млрд сом эмес, андан ондогон эсе көп акча төлөсүн


"Кармалган күнү эле 70 же 80 миллион, азыр эсимде жок, төгүп берген. Азыр күнүгө төгүп жатат. Тергөө жаңыдан башталып жатат. Дагы кандай мүлкү, эсептери чыгат, көрөбүз” дейт Садыр Жапаров Райымбек Матраимов боюнча.
Албетте Жапаров "мына, чек" деп көрсөтүп, ынандырышы керек. Анан да албетте, коомчулук Матраимов мамлекетке төлөп берем деген 2 млрд сомдон ондогон эсе көп акчаны согуп кеткенин билип турат. Канча уурдаса ошончо төлөсүн.

Учурда бюджет таңкыстыгы 30 жылда болуп көрбөгөн антирекордго 35 млрд сомго жетти. Бир эки айдан кийин эң корголгон статьялар айлык акы, пенсия-пособиени төлөө да үзгүлтүккө учурачудай болуп турат.

Жылда бюджет дефицитине сырткы булактар (Орусия, Батыш) акча берчү. Быйыл жок. Бери дегенде 10 млрд салык, бажы төлөмдөрү түшпөй калды.

Мындайда коррупционерлер уурдаган акчаны кайтарып казынаны бүтөө абалдан чыгуунун бир жолу.

Коррупционердин бетин ачалы, чогуу. Бизге да кабарлаңыз. Жалаң айлыкка жашап, бирок заңгыраган хансарай салган чиновник коңшуңуз барбы? Ал ууру. Дарегин айтыңыз.

Мурдагы мамлекеттик мекеме кимдир бирөөнүн менчигине өтүп калдыбы? Кимдир бирөө жалаң туугандарын кызматка койдубу? Кабарлаңыз. Коррупцияны чогуу гана жеңе алабыз!

Али Токтакунов, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн