Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 23:27
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Матраимов мамлекетке кароосуз калган батирлерди дүңүнөн сатып алып өткөргөнбү?

26.02.2021 10:08
2028
Матраимов мамлекетке кароосуз калган батирлерди дүңүнөн сатып алып өткөргөнбү?


Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн Бишкекте батирлерди сатып алып, аларды мамлекетке өткөрүп берген. Мындай маалымат “Клооп” сайты жасаган иликтөөдө айтылган.


“OCCRP жана «Клооптун» журналисттери ЖМКларда тынымсыз айтылып жаткан бул компенсациялык төлөмдөрдүн чоо-жайы кыйла бүдөмүк экенин аныкташты. Болжол менен сумманын үчтөн бирин Матраимов мамлекетке өткөрүп берген тогуз батир менен соода борбору түзгөн. Болгондо да Матраимов батирлерди мамлекетке берерден бир нече күн мурда эле сатып алган. Мындай схеманын артында эмне турганы азырынча бүдөмүк.


Ал мамлекетке өткөргөн күмөндүү эски батирлер: Матраимов аларды өкмөткө өткөрөрдөн бир нече күн мурун дүңүнөн сатып алган. Ушул жерде чоң суроо жаралат: батир сатып алган акчанын өзүн эле казынага төксө болбойт беле? Андан да кызыгы, Матраимовго тиешелүү делген банктык эсептер соттун чечими менен камакта болсо, кайсы каражатка сатып алды? Демек, Матраимов жана анын жакындары баасы асман чапчыган үй-жайынан кол жууган эмес”, - деп айтылат аталган маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн