Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 18:23
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Матраимов мамлекетке өткөрүп берген соода борбору боюнча эмне белгилүү?

25.12.2020 15:28
1327
Матраимов мамлекетке өткөрүп берген соода борбору боюнча эмне белгилүү?


Бишкектеги "Эльдорадо" соода борборуна ээлик кылган "АвтоСТОлица" ЖЧКсы 2020-жылдын 6-ноябрында ишин токтоткон. Буга Юстиция министрлигинин маалымат базасы күбө. Бул тууралуу kaktus.media маалымат агенттиги жазып чыкты.


Эскерте кетсек, кечээ, 24-декабрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов келтирилген чыгымды толугу менен төлөп бергенин айткан. Ибрамов жана Жибек Жолу көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан "Эльдорадо" соода борборун Матраимов мамлекетке өткөрүп бергени белгилүү болду. 


Имарат жана жер жөнүндө маалымат


Кадастрдык кызматтын маалыматы боюнча, Жибек Жолу проспектиси 381 дарегинде жайгашкан жер тилкеси жана имарат өзү "АвтоСТОлица" компаниясына таандык болгон.

Соода борбору жайгашкан жер тилкесинин аянты 25 сотокту түзөт (2 533 чарчы метр). Беш кабаттуу имараттын аянты болжол менен 4 миң чарчы метрди түзөт. 


Ээлери

6-ноябрга чейин имараттын ээси Жумаева Минавар Шабыевна, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун жубайы көрсөтүлгөн.


2018-жылдын башына чейин жер жана имарат "AKA Immobilien GmbH" компаниясына таандык болгон. 


 "Эльдорадодо" кайсы компаниялар иш алып барат?


2GISтин маалыматы боюнча, учурда соода борборунун имаратында жети компания иштеп жатат:


"Mega auto" авто дүкөнү;

"Супер-Инфо" гезитинин редакциясы;

"Супер-Инфо" сайтынын редакциясы;

Супер Медиа пресс-борбору;

ADS Group компаниясы;

TezGruz Кытайдан товарларын жеткирүү боюнча логистикалык компания;

"Smart Business Consulting" юридикалык компаниясы.


Редакциядан: Материал kaktus.media сайтынан кыргызчаланды

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн