Бугу 15, 2024
Убакыт: 07:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Матраимовду колдоп Бабановдун жакын кишилери да митингге чыктыбы?

19.02.2021 15:48
1297
Матраимовду колдоп Бабановдун жакын кишилери да митингге чыктыбы?


Бүгүн, 19-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдогондор Бишкек жана Ош шаарларында митинг өткөрүп жатат. Бишкекте өткөн митингге Жогорку Кеңештин депутаттары да катышып жатканы маалымдалууда.


Алардын катарында парламенттеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты, “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун жакын санаалаштарынын бири Таабалды Тиллаев жүрөт. Тиллаев буга чейин Бабановдун эң жакын адамы болуп келген. Ал өткөн жылы жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынан шайлоого катышканы менен бүгүнкү күнгө чейин  “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты катары ишин улантууда.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Калдар
Бабанов эмне кылаарын билбей калды 😀