Бугу 22, 2025
Убакыт: 10:52
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.090
1.120

Матраимовдун аялы да АКШнын "кара тизмесине" кирди

11.12.2020 09:07
1796
Матраимовдун аялы да АКШнын "кара тизмесине" кирди

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду аялы Уулкан Тургунова менен кошуп, "Магнитскийдин тизмесине" киргизди. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 10-декабрда "Твиттердеги" баракчасына жазды.


"Бүгүн мен мурдагы кыргыз аткаминери Райымбек Матраимов менен анын жубайын коррупциялык тандем түзгөнү үчүн "Магнитский тизмесине" киргиздим. АКШ коррупцияга каршы турат жана дүйнө жүзүндө адам укуктарынын бузулушун токтотуу үчүн жоопкерчиликти күчөтөт" - деп жазды мамлекеттик катчы.


Эске салсак, кечээ АКШ "Магнитский тизмесине" Райымбек Матраимовду киргизген эле.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Музафар
Жакшы болуптур