Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 13:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Али Токтакунов коррупцияга каршы күрөшүүнү токтотпойт (видео)

16.04.2021 10:23
3406

 

Туугандар, Раимбек Матраимов уурдап кеткен миллиондогон долларларды Кыргызстанга кайтарып ала албай калдык. Тилекке каршы, буга бийлик өзү өбөлгө түзүп койду, деп билдирди журналист Али Токтакунов өзүнүн Инстаграмдагы баракчасынан.

 

Ал белгилегендей, 15-апрелде УКМК Матраимовдун чет өлкөдө бир дагы мүлкү жок экен деп, аны камактан бошотуп койду. “Бул эми апенди дагы ишенбей турган күлкүлүү көрүнүш. Иликтөчүү журналисттер Матраимовдун бажыдагы коррупциялык схемасын, анын кантип байып кеткенин бир нече жолу далилдеп бербедик беле”, - деп тынчсызданды Али Токтакунов.

 

Анын айтымында, Матраимов камакта отурган кезде ал канча акча уурдаганын, өзүнөн жогорку жетекчилердин кимисине бергенин тактап-талдап, аны эле эмес, ошол жогорку жетекчилерди, керек болсо мурдагы президенттерди жоопко тартууга мүмкүнчүлүк бар эле. Тилекке каршы, анын баары жокко чыкты. “Жанагы 2 млрд сом деген болбогон эле майда тыйын. Биз билебиз эселенген көп акча уурдаганын”, - деди Токтокунов.

 

Ошондой эле ал чындык үчүн күрөшүн токтотпой турганын, коррупционерлер азыркы бийликтин тушунда болбосо да эртеби-кечпи, баары бир жазасын алаарына ишенээрин кошумчалады. 



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Кочкорова Умут Болотовна
Бул бийлик да ишенбейбиз Аллахым бул дуйнонун эле корсотсун эшектер