Бүгүн, 20-февралда Райымбек Матраимов өзү сотко келе элек, бирок анын жактоочулары имараттын жанында митинг өткөрүп жатышат. Алардын саны кечээгидей көп эмес.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовго бөгөт коюу чарасын көрүү маселесин карамакчы.
Белгилей кетсек, экс-чиновникке карата санкция кечээ, 19-февралда каралышы керек болчу, бирок жараян бүгүнкүгө жылдырылды.
Пикирлер (2)