Журналист Али Токтакунов Райымбек Матраимовдун доо арызын кайтарып алуу өтүнүчү боюнча өз пикирин Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
"Матраимовдор мага, "Азаттыкка" жана "Клоопко" каршы миллиондук доосунан баш тартышты. Райым Матраимов буга чейин коррупционер экенин моюнга алып, мамлекетке 2 млрд сомдук зыянды төлөгөн. Ошондон кийин "коррупционер эмесмин" деп актануу үчүн сотту улантууга негиз жок эле", - дейт журналист.
Ошондой эле ал жактоочуларга жана колдогондорго терең ыраазычылык билдирип, сот болгон учурда да тиешелүү далилдер бар экендигин, соттон утушарына ишеним чоң экендигин айтып өттү. "Сот процесси учурунда колдоо көрсөткөн баарыңа ыраазычылык билдирем. Ал эми адвокаттарыбыз Акмат Алагушев, Фатима Якупбаева, Алтынай Исаева, жана Нурбек Сыдыковго өзгөчө терең ыраазычылык билдирем. Абдан күжүрмөндүк менен иштешти. Бардык айыптоолорду күм-жам кыла турган аргументтерибиз бар эле. Биз соттон утарыбызга (албетте саясий чечим ойноп кетпесе) ишенимибиз чоң болчу", - деп жазылат журналисттин баракчасында.
Эске салсак, бүгүн Райымбек Матраимов "Азаттыкка", "Клоопко", 24.kg жана Али Токтакуновга карата жазылган доо арызынан баш тарткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн