Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мелисбек Мырзакматовдун кишиси Кара-Сууга аким болобу?

11.11.2020 11:09
887
Мелисбек Мырзакматовдун кишиси Кара-Сууга аким болобу?



 “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги Ош облусунун Кара-Суу районунун акиминин кызмат ордуна төрт талапкер ат салышканы жатканы боюнча маалымат алды. Алар – Мурадыл Тешебаев, Акылбек Султанов, Данияр Төлөнов жана Эрмат Исмаилов экен.


М. Тешебаев учурда Ош облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси.


Ал эми Акылбек Султанов Улуттук статистика комитетинин башчысы кызматын 2016-жылдан бери аркалап келет. Кыргызстандыктардын эсинде А. Султанов сөгүнчөөк депутат катары калган. Анын МАИ кызматкерлерин сөгүп-сагып жатканын азыр деле интернет булактарынан таап алууга болот. Маалыматтарга караганда бул талапкерди Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов колдоп жатат.


Данияр Төлөнов Жогорку Кеңештин депутаты. Анын бир тууганы Бахтияр Төлөнов Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-консультациялык борборунун директору кызматын ээлеп туруп, 2020-жылдын январында пара алууга айыпталып камакка алынган.


Ал эми Эрмат Исмаилов мурда ушул эле Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалаган. Ошол убакта ал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Радахан Самиева менен бирдикте жер тилкелерин мыйзамсыз сатып жиберген деп айыпталган. Ошол ызы-чуунун арты менен соттолуп, кызмат ордунан да кеткен.


Эске сала кетсек, Кара-Суу районун буга чейин «Райым-миллион» атыккан Райымбек Матраимовдун бир тууганы Тилек Матраимов жетектеп келген. Парламенттик шайлоолордун жыйынтыгына нааразычылыгын билдирген митингдин натыйжасындагы (5-6-октябрдагы) окуялардан кийин Тилек Матраимов Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынан өзбек чек арачылары тарабынан кармалып, кыргыз тарапка өткөрүлүп берилген. Көп өтпөй анын үй камагына чыгарылганы белгилүү болгон. Андан соң кайрадан эле өзүнүн кызмат ордуна барып алганын маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Ошол эле убакта анын кызмат ордуна кайтып барып алганы жалган экенин кабарлагандар да болгон.


Кара-Суу району Кыргызстандагы эң чоң райондордун бири. Андыктан мындай чоң районду башкаруу үчүн тажрыйбалуу, татыктуу кадр керек. Жогорудагы төрт талапкердин кимиси бул кызматка татыктуу болорун жакында билебиз.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн