Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча соттук отуруму кийинкиге калтырылды. Бул тууралуу Мадина Ниязова билдирди.
Белгилей кетсек, басма сөз өкүлдөрү жыйындар залынан чыгарылган.
Айыпталуучунун адвокаты Мадина Ниязованын айтымында, отурум өз убагында башталбай калгандыгына байланыштуу жылдырылганын айтты.
"Жумуш күнүнүн аяктап калды, бул процесс кийинкиге калтырылды. Сиздерди кийлигишип жатасыздар деп айттым го”, - деди Мадина Ниязова журналисттерге кайрылып.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн