Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 15:51
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Матраимовго карата чыккан соттун чечиминин күнгөйү менен тескейи

12.02.2021 10:12
708
Матраимовго карата чыккан соттун чечиминин күнгөйү менен тескейи

Кече 11-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупцияга байланыштуу иши боюнча өз чечимин чыгарды. Прокуратуранын өкүлү айыпталуучу мамлекетке келтирген зыяндын ордун толугу менен толтурганын, ошондон улам ага 260 миң сом айып төлөтүү түрүндөгү жаза чегерүүнү өтүндү. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды. Соттун чечими күчүнө кирери менен Р. Матраимовдун өлкөдөн чыкпоо боюнча бөгөт чарасы күчүн жоготот. Андан тышкары анын камакка алынган мүлктөрү жана банк эсептери да камактан чыгарылат.


Ачыгын айтыш керек, эл мындай чечимди күткөн эмес. Матраимов күнөөсүн мойнуна алганы жакшы, бирок ага карата соттун чечими менен берилген жаза кызык болуп жатпайбы? Буга чейин деле ал күнөөсүн мойнуна алып жатканын, чек ара постунан өткөн ар бир жүк ташуучу унаадан 500-3000 долларга чейин акча алып турушканын УКМК башчысы маалымат жыйынында айткандай болду эле. Күнүнө чек ара постторунан жүздөгөн унаалар өтөт. Ошондо бир эле күндө канчалаган миллиондор мамлекеттин казынасын айланып өтүп кетип жаткан болот? Ал эми Р. Матраимов Атамбаев бийликке келгенден тарта эле бажы тармагында «көзүр» болуп жүргөнү белгилүү.


Экинчиден, «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча Р. Матраимовдун Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 миллион долларга тиешеси бар эле. Бул боюнча кыязы соттук териштирүүлөрдө эч нерсе айтылган жок окшойт.


Мындан сырткары Р. Матраимовдун топтогон байлыктары, кыймылсыз мүлктөрү анын мамлекеттик кызматта туруп тапкан расмий кирешесинен алдаканча көптүк кылып жатпайбы? Демек, ага да «Мыйзамсыз баюу» деген берене туура келет беле? Эмнеге бул жагдай эске алынбай, анын камакка алынган мүлктөрү, банктагы эсептери кайра бошотулуп калат?


Президент Садыр Жапаров 2020-жылдагы октябрь төңкөрүшүнөн кийин абактан чыкканда эл алдында «Райым миллион камалат!» деп айтканын билебиз. Айткандай эле адегенде кармалды. Бирок, кайра дароо үй камагына бошотулду. Анан ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берди. Сотто да күнөөсүн моюндай турганын билдириптир. Анан ага болгону 260 миң сом айып пул жазасы чегерилди. Эмнеси болсо да анын коррупционер экени соттун чечими менен ачык такталды. Бирок, 2017-жылдан бери Кыргызстандагы коррупциянын символундай таасир калтырып калган кишинин болгону 2 миллиард 260 миң сом менен кутулуп кеткени туурабы? Элдин күткөнү мындан көп эле. 2 миллиард сом төктүргөндө, «Бул башталышы болсо керек, эми мындайдан дагы он эсе көбүрөөк төгөт го» деген коомдо күтүү режими болуп жаткан. Көрсө, Р. Матраимов ошол 2 миллиард сом менен эле толук кутулуп кеткен турбайбы. Анда башка коррупционерлер деле эми коркпой калат го.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Арси.
Ал болбосо башкасы болмок. Болуп келген, болуп жатат жана да боло бермекчи.