Жалган курандын 10, 2025
Убакыт: 17:48
USD
87.30
87.80
EUR
94.50
95.50
RUB
0.970
1.010

Матрезерв дыйкан-фермерлерге дизелди 65 сомдук баада берүүдө

10.03.2025 12:48
31
Матрезерв дыйкан-фермерлерге дизелди 65 сомдук баада берүүдө


Материалдык резерв фондусу жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында 10 миң тоннага чейин дизелди дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген негизде 65 сомдук баада берип жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында 2025-жылдагы жазгы талаа иштерине даярдыктар боюнча маселе каралып жатканда билдирди.


Анын айтымында, күйүүчү жана майлоочу майларга керектөө 54 миң 200 тоннаны түзөт. Мунун 42 миң 200 тоннасы дизель, 12 миң тоннасы бензин.


“Учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда 51 миң тонна май бар. Мындан тышкары, Материалдык резерв фондусу жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында 10 миң тоннага чейин дизелди дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген негизде 65 сомдук баада берип жатат. Быйыл күйүүчү жана майлоочу майлар менен камсыздоодо көйгөй жаралбайт деп ишенип турабыз”, - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн