Бүгүндөн тарта Мамлекеттик материалдык резерв фондунан 40 миң тонна буудай даны кампадан чыгарылат. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин депутаттар ундун кымбатташы боюнча маселе көтөрүшкөн. Россиядан буудайдын Казакстан аркылуу келишинде маселе жаралган. Казак өндүрүшүндөгү ундун баасы өскөн.
Министрлик өлкөдө буудайдын көлөмү жетиштүү экенин, кооптонууга негиз жоктугун айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн