Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:05
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Мавлян Аскарбеков: “Манас” аэропортунда коррупцияны жашыруу аракети бар”

09.08.2022 14:18
589
Мавлян Аскарбеков: “Манас” аэропортунда коррупцияны жашыруу аракети бар”


Дача-СУ боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары менен маек.


- Эл “Дача-СУ боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы аркылуу белгисиз жагдайлар ачыкталабы?” деген үмүттө. Комиссиянын иши жүрүп жатабы? Эл күткөн отчет берилеби?


- Дача-СУ боюнча комиссиянын отурумдары өз нугунда жүрүп жатат. Азыр ал  боюнча бир топ мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин, мамлекеттик компаниялардын, аэропорт жана башка тийешелүү имарат өкүлдөрүн чакырып, маалыматтардын баарын топтоп жатабыз. Алдын ала айта турган маалымат: кыргыз эли жалпылап салым кошуп, 102 млн. сом каражат чогулган. Андан тышкары түрк авиакомпаниясы жардам иретинде 49 млн. сомдон ашык каражат беришиптир. Ошолордун баарын чогултуп, 151 млн. сомдон ашык жардамга деген акчаны убагында президенттин администрациясынын орун басарлары протоколдук негизде бөлүштүргөн экен. Тилекке каршы, мунун бир бөлүгү айыл өкмөткө, соцфондго, “Семетей” мейманканасына, аэропортко да бөлүнүптүр. Бул фактыны биз аныктап, коомчулукка алып чыгып жатабыз. Андан тышкары, учактагы жүк контрабандалык жол менен келген-келбегенин иликтөө да улантылууда. Эң кызыгы, кыргыз мамлекетинин дарбазасы болгон стратегиялык объект “Манас” аэропортунда видеокөзөмөлдүн жазуусу болгону жети күн гана сакталат экен. Муну “ошол жактагы коррупцияны жашыруу аракети” деп түшүнсөк болот. Себеби, мындай стратегиялык объектте, айрыкча аэропорттордо видеокөзөмөл жазуулары жылдап архивде сакталып турушу керек эле. Бул маалыматты дагы элге ачыктап жатабыз. 


Буюрса жакында жаңы материалдарды алабыз. Учак кулаган «АСТ Эйрлайнз» компаниясы биздин жабыркаган үй-бүлөлөргө канча акча төлөп бергени, эл аралык нормага жооп береби, суммасы кандай болгон – мына ошолордун баарын ачыктап чыгарабыз. Комиссия менен Дача-СУ тургундары жана ошол жерде кырсыкка кабылган үй-бүлөлөр менен да жолугушуулар болуп өттү. “Самолеттун бортундагы 85 тонна жүк күйүп кетип, 600 эле кг товар күйбөй калган” деген тыянак чыккан. Ошол 600 килограммды биз барып складдан текшерип келдик. Баары эле телефон, посылка, майда-чүйдөлөр экен. Аны дагы ачыктап алып чыгып, октябрь айына чейин отурумду улантабыз жана коомчулуктун, президенттин, массалык маалымат каражаттарынын алдында жыйынтыктоочу отчетубузду беребиз. 

 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн