Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:40
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Май айында Кыргызстандан 85,5 млн доллар каражат чыккан

09.07.2022 10:27
627
Май айында Кыргызстандан 85,5 млн доллар каражат чыккан


Май айында Кыргызстандан чыгарылган каражаттын суммасы 85,5 миллион долларга жетти. Бул туурасында Улуттук банк билдирди.

Кеп жеке жактардын акча которуу системы аркылуу жөнөткөн транзакциялары тууралуу болууда.

Эгер 2005-жылдан берки статистикага анализ жүргүзө турган болсок (Улуттук банк дал ушул жылдан бери мониторинг жүргүзөт), бул сумма рекорд жаратты.

Мурдагы рекорд үстүбүздөгү жылдын апрель айында болуп 79,7 миллион долларды түзгөн эле.

Мурда өлкөдөн чыгарылган каражаттын көлөмү алда канча аз болчу, мисалы, 2019-жылы декабрда эң жогорку көрсөткүч 61,2 миллион долларды түзгөн.

Сыртка чыгарылган каражаттын көпчүлүк бөлүгү алыскы чет өлкөлөргө которулууда. Эгер ал транзакциялар апрелде 5 миллион долларды түзсө, майда 4,4 миллион болду. Адатта ал жакка айына бир миллионго жетпеген сумма жөнөтүлчү.

Белгилей кетсек, өлкөгө сырттан келген каражат быйылкы жылдын майында 257,7 миллион доллар деп бааланууда. Бул жогорку көрсөткүч, бирок рекорддук деп саналбайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн