Бугу 04, 2024
Убакыт: 14:48
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Май айынын ортосунда Россиядан «Спутник V» вакцинасынын 60 миң дозасы келет

Май айынын ортосунда Россиядан «Спутник V» вакцинасынын 60 миң дозасы келет

 Кыргызстанга май айынын ортосунда россиялык «Спутник V» вакцинасынын 60 миң дозасы келет. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова  "Кабар" агенттигине билдирди.


Анын маалыматына караганда, россиялык вакцинанын экинчи партиясынын келиши күтүлүүдө. “Учурда бул маселе Жогорку Кеңештин комитетинде каралып жатат. Вакцина сатып алуу үчүн республикалык бюджетен каражат бөлүнгөн. Россия вакцинанын 5 миң дозасын жардам катары берет, ал эми калганын Кыргызстан сатып алат”, - деди Ишенапысова.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору бардыгы жетишилген келишимдердин алкагында жүргүзүлүүдө. Коронавируска каршы вакцина 20-майга чейин келиши күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, 19-мартта Кыргызстанга коронавируска каршы Кытайдын «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Кийин 22-апрелде Бишкекке россиялык «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы жеткирилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн