Өлкөдө май айынын соңунда коронавирусту жуктургандар катталбай калат деген божомолдор бар. Бул тууралуу 3-майдагы брифингде вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов айтты.
Анын айтымында илдетти жуктургандар ар бир жумада азайып жатат.
“Мурдагы берген божомолдор боюнча апрель айынын 20-24түндө жогоруулоо болот деп бергенбиз. Бирок андан 10 күн мурун күчөгөн учуру катталды. Бешинчи жумадан баштап түштүк аймактарда оору ылдыйлап баштады. Түндүк региондордо кечирек ылдыйлады. Бешинчи жумадан баштап илдет ылдый карап кетип жатат. Соңку жумада жаңы 97, бул жумада 87 учур катталды. Бул көрсөткүч илдеттин ылдыйлап бара жатканынан кабар берет. Демек, божомолдоп айтсак май айынын соңунда жаңы учурлар катталбай калат деген божомолдор бар”, - деди Нурматов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн