Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 10:11
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Май куюучу жайларда санитардык нормалар сакталбай жатканы айтылды

20.05.2020 16:56
1186
Май куюучу жайларда санитардык нормалар сакталбай жатканы айтылды


Айрым май куюучу жайларда санитардык нормалар сакталган жок, айрыкча айдоочуларга автоунааларын өз алдынча май куюуга уруксат берилүүдө. Бул белгиленген санитардык нормаларга каршы келет, деп билдирди вице-премьер-министр Аида Исмаилова Республикалык штабдын жыйынында.

 

Жыйындын жүрүшүндө штабдын мүчөлөрү Нарын облусундагы эпидемиологиялык абалды талкуулашты. Мындан тышкары обсервациялык жайлардын даярдыгы жана аларды кароо боюнча жүргүзгөн иштер боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин дарегине сын айтылды.  

 

Республикалык штаб жаңы обсервация үчүн орундарды даярдоо жана мындай жайлардагы тиешелүү көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле башка өлкөлөрдөн келип, үй карантинине алынгандар талаптарды катуу сактоосуна өзгөчө көңүл буруу боюнча тапшырмалар берилди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн