Бугу 16, 2024
Убакыт: 05:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Маянасына нааразы. 5-каналдын жамааты жетекчиси Рахат Сулаймановго каршы президентке кайрылды

05.04.2021 15:59
840
Маянасына нааразы. 5-каналдын жамааты жетекчиси Рахат Сулаймановго каршы президентке кайрылды

"Бешинчи каналдын" кызматкерлери жетекчисине каршы президентке  кайрылуу жасашты.


Кайрылууда алар каналда болуп жаткан оптималдаштыруу  саясаты туура жүрбөгөнүн билдирген.


"Бизге буга чейин жыл сайын мамлекеттик бюджеттен 20 миллион сом бөлүнүп келген. Бирок ал акча кызматкерлердин эмгек акысы үчүн бир жылга толук жетпей, калганы кошумча булактардан жабылчу. Быйыл жыл башында өкмөт тараптан бир жылга бөлүнгөн акчаны үнөмдөп жеткирүү менен оптимизация жасоо талабы коюлган. Ошол кездеги жетекчибиз Эрнис Кыязов коллективге бул үчүн штаттык кыскартууга баруу, же бардык кызматкерлердин айлыгынан 10-20 пайыз кыскартууну сунуштап, жалпы жамаат эч кимди кетирбей эле эмгек акыдан кыскартууга макул болгон. Бул долбоор даярдалып, тиешелүү тараптарга сунушталып жаткан учурда жетекчибиз алмашып кетип, Эрнис Кыязовдун ордуна Рахат Сулайманов башкы директорлукка дайындалды. Бирок жаңы келген жетекчибиз коллектив менен макулдашпай, эч кимге жарыялабай туруп, оптимизация долбоорун бекитип салганын, көпчүлүк кызматкерлер айлыгы алгач айтылгандан көп суммага кыскарып кеткенин маяна алганда гана билип отурат.

Муну менен эле токтоп калбай Рахат Сулайманов кайра экинчи жолу оптимизация жасап, айлыктар дагы кыскарат. Андан бир канча кызматкердин маянасы 30-40 пайызга азайып кеткен. Эки кыскартуу тең кызматкерлерге суммасын айтпай кол койдуруп алуу менен жасалган. Бул жерде биздин конституциялык укугубуз жана Эмгек кодексинин талаптары одоно түрдө бузулган. Мындан сырткары бул иште “өзүм билемдик”, “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” деген кылмыш беренелеринин элементтери бар деп эсептейбиз. Ошол эле учурда айлык азайганына байланыштуу 7-8 кызматкер жумуштан кеткен.

Ошол эле учурда коллективдин ичинде ага сын айткан кызматкерлерге психологиялык басым жасоо менен кылдан кыйкым издеп, улам бирине түшүнүк кат жаздырууга өттү. Кызматкерлерди “өз” жана “бөтөн” деп бөлүү менен тандалма жасалган мындай репрессивдик кадамдар жамаатта жагымсыз атмосфера жаратып, ички интриганы күчөтүүдө.

Ушундай жагдайлардан улам биз – “Бешинчи каналдын” жамааты Рахат Сулаймановдун редакциялык жана кадрдык саясатына каршыбыз. Бизге кызматкерлерин кодулап, түшүнүк кат жаздыргандан ырахат алган, курсагы тойгон жерде кабаттап ыраазычылык кат тапшырып жүрө берген жетекчи эмес, жаңыча ой жүгүрткөн, заманбап медианы түшүнгөн, жамаат менен эсептешип иш кылган, кызматкерлердин кызыкчылыгын коргогон, иш билги, прогрессивдүү көз караштагы жетекчи керек", - деп жазылат кайылууда.

Азырынча бул  кайрылуу боюнча каналдын жетекчиси Рахат Сулайманов билдирүү тарата элек.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн