Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 18:16
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Майыптыгы бар балдарды реабилитациялоонун жаңы ыкмаларын киргизүү пландаштырылууда

15.06.2022 09:23
866
Майыптыгы бар балдарды реабилитациялоонун жаңы ыкмаларын киргизүү пландаштырылууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бүткүл өлкө боюнча майыптыгы бар балдарды реабилитациялоонун жаңы ыкмаларын киргизүүгө ниетенүүдө. Бул тууралуу эмгек министри Кудайберген Базарбаев "АПЛИФТ" коомдук фондунун негиздөөчүсү Марен Эрнст менен болгон жолугушууда билдиргенин ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.


"Эмгек министрлиги бүткүл республика боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо боюнча эл аралык тажрыйбаны колдонууга ниеттенүүдө. Бул үчүн биз бул багыттагы иштерди уюштурабыз жана системалаштырабыз жана өлкөнүн бардык аймактарында уникалдуу методикаларды жеткиликтүү кылабыз", - деди министр.


АПЛИФТ коомдук фонду 2005-жылдан бери Кыргызстанда балдардын балдар үйлөрүнө кирүүсүн алдын алуу үчүн жага баш тартуунууга багытталган 9 программаны ишке ашырып келет.


Ошондой эле фонд физикалык терапия, логопедия жана башка тармактар боюнча жергиликтүү адистердин компетенциясын жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.


Фонд өзүнүн программалары аркылуу 17 жыл ичинде 10 миңден ашуун балага колдоо көрсөттү. Учурда ал интернат тибиндеги 5 мамлекеттик мекеме менен иштейт.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн