Теке 27, 2024
Убакыт: 10:03
USD
EUR
RUB

Майк Тайсон менен Рой Жонс рингге чыгат

22.07.2020 13:33
1098
Майк Тайсон менен Рой Жонс рингге чыгат


5 салмак категория боюнча мурдагы дүйнө чемпиону Рой Жонс оор салмактагы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Майк Тайсон менен бокусташуу үчүн келишим түзгөнү тууралуу айтылган маалыматка жооп берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


“Ооба, бул чын, Майк – легенда. Аны менен рингге чыгуу сунушун алып жана андан баш тартып коюу бул акылсыздык болуп калмак. Мен рингге кайтууну жана кайрадан беттеш өткөрүүнү ойлогон эмесмин, Майк Тайсон үчүн макул болдум.


Мен үчүн бул четке кага албай турган мүмкүнчүлүк. Аны менен рингке чыккысы келгендердин арасынан мени тандаптыр. Эгерде ал мындай кадамга барган болсо, анда мен кантип жок деп айтам”, - деген Рой Жонс.


Маалыматка таянсак, 51 жаштагы Рой Жонс менен 54 жаштагы Майк Тайсондун беттеши сентябрда АКШда өтөрү болжолдонууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн