Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:25
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Майлуу-Суу лампа заводунун иши жанданат

11.02.2022 09:11
724
Майлуу-Суу лампа заводунун иши жанданат

Жалал-Абаддагы ири Майлуу-Суу лампа заводунун иши жанданат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.


Маалыматка ылайык, аталган жайга облус башчысы Абсаттар Сыргабаев барып, ишмердүүлүгү жана көйгөйлөрү менен жеринен таанышып чыкты.


"Азыркы учурда Майлуу-Суу лампа заводунун жалпы мүмкүнчүлүктөрү менен 30 пайыздык жумуш аткарылып жатат. Бул жайдын башкы маселеси катары өндүрүлгөн лампаларды сатуудагы кыйынчылыктар экени белгиленди. Ага байланыштуу жумушчулардын жана өндүрүштүн ыргагы басаңдаган", - деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында.


Облус башчысы ири заводду натыйжалуу пайдалануу керектигин айтты. Алдыда Майлуу-Суу лампаларын мамлекеттик мекемелерге сатууну жолго коюу демилгеси министрлер кабинетине сунушталарын билдирди. Бул шаар калкынын басымдуу бөлүгүн жумуш менен камсыздаган заводдун ишин жандантуу жана атамекендик өндүрүштү колдоо аракети экенин айтты.


Майлуу-Суу лампа заводунун курулушу 1964-жылы башталган. Ал эми 1967-жылы алгачкы өндүрүмүн чыгара баштаса, 1974-жылы 1 млрд электр лампаларын өндүрүүгө жетишкен.


Азыркы учурда электр лампочкаларынын 40ка жакын сапаты жогору түрү чыгарылып, 350 кызматкер эмгектенет. Завод 2021-жылы 62 млн 500 миң даана лампа даярдаган.


Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 26 миңдей калк жашайт.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн