Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Майлуу-Суу милициясы мектеп окуучулары менен жолугушту

12.11.2020 11:10
1017
Майлуу-Суу милициясы мектеп окуучулары менен жолугушту

11-ноябрда аймактардагы мектептер салттуу түрдө окуй баштады. Буга байланыштуу Майлуу-Суу милициясы тиешелүү кызмат адамдары менен биргеликте санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө багытында жумуш алып барышты. Бул тууралуу Майлуу-Суу милициясынан кабарлашты.

Шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жеке гигиеналык эрежелерди сактоо зарылдыгы эскертилди. Азыркы учурдагы абал туура багытта жеткирилип, жугуштуу илдеттин алдын алууда ар бир жаран кайдыгер карабоо, медициналык каражаттарды ар дайым колдонуу керектиги айтылды.


Ошондой эле өспүрүмдөр арасындагы укук бузуучулукту болтурбоо багытында окуучулар менен маектешүүлөр орун алып, анын алдын алуу жолдору талкууланды. Милиция кызматкерлери окуучуларды татыктуу билим жана тарбия алууга чакырышып, терс жолдорго баспоого, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө келечекте салым кошууга үндөштү. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн