Бугу 04, 2024
Убакыт: 21:11
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Майлуу-Суу шаарынын кышка даярдык иштерине 2,7 млн сом жумшалды

08.08.2023 18:06
351
Майлуу-Суу шаарынын кышка даярдык иштерине 2,7 млн сом жумшалды


Майлуу-Суу шаарынын кышка даярдык иштерине 2,7 млн сом жумшалды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата № 3 отканага жаңы суу куурларын орнотуу, “Артезиан” суусун тартып келүү иштери аткарылды. Учурда тартылып келген суу куурларга кое берилип, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери үстүбүздөгү жылдын сентябрына чейин бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, № 3 отканага куурларды орнотуу, суу жеткирүү иштерине 2,7 млн сом мамлекеттик бюджеттен жумшалды.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 13-январында аба ырайынын ызгаардуу суугунан улам, Майлуу-Суу шаардык суу менен камсыздоо ишканасынын суу куурлары тоңуп, шаар суусуз, жарыксыз жана жылуулуксуз калган. Мындан улам шаарга “өзгөчө кырдаал” режими киргизилип, кийин калыбына келтирилген болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн