Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Майлуу-Сууда бети, башы жарылган адамдын денеси табылды. Шектүү кармалды

17.06.2022 11:48
482
Майлуу-Сууда бети, башы жарылган адамдын денеси табылды. Шектүү кармалды

Майлуу-Суу милициясы өзгөчө оор кылмыштын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, каргашалуу окуя 2022-жылдын 28-29-майга караган түнү Майлуу-Суу шаарынын Заречная көчөсүндө жүз берген. Себеби 29-май күнү саат 07:30 чамаларында 55 жаштагы Б.А. аттуу жарандын бети башы жарылган абалдагы киши колдуу болгон жансыз денеси табылган. 


Бул факты боюнча топтолгон материал Майлуу-Суу ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.  


Аталган кылмыштын бетин ачуу максатында, ошондой эле “ПОИСК” аталышындагы атайын иш-чарасынын жүрүшүндө, Майлуу-Суу ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган К.С. кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жабырлануучу менен ичип олтуруп бейбаштык өнөкөттө мушташып кетип башына таш менен уруп жиберип, натыйжада Б.А. алган жаратынан улам каза болуп калгандыгы аныкталган.



Майлуу-Суу шаарынын тергөө судьясы тарабынан шектүү К.С.тин баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынган. Учурда бул ишти соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

        

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн