Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Майлуу-Сууда сууга түшүүчү жайлар көзөмөлгө алынды (сүрөт)

26.06.2020 11:36
1138
Майлуу-Сууда сууга түшүүчү жайлар көзөмөлгө алынды (сүрөт)


Майлуу-Суу шаарындагы атайын сууга түшүүчү жайлардын, бессейиндердин жана атайын көлмөлөрдүн коопсуздук абалы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, текшерүү Майлуу-Суу ШИИБдин, ӨКМ жана жергиликтүү  бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлдү. 


Бул жагдайда эс алуучуларга талаптарга жооп бере турган шарттарды түзүүнү, былтыркы жылы бассейнге чөгүп каза болгон учурду эскертүү менен куткаруучулардын  жаш өспүрүм балдарга катуу көзөмөл жүргүзүү керектиги, келген жарандарга коопсуздук инструкцияларын өтүп маалымат берип туруу боюнча эскертүүлөр бассейиндин администрациясына айтылып, тиешелүү актылар түзүлдү.


Буга чейин бул багыттагы иш-чаралар ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, Майлуу-Суу суусунун кооптуу бөлүктөрүндө сууга түшүүгө тыюу салган эскертүү тактайчалары орнотулуп, эл арасында түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп келинген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн