Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:28
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Майлуу-Суудагы бардык мектептер онлайн окутуу режимине өттү

16.01.2023 11:09
580
Майлуу-Суудагы бардык мектептер онлайн окутуу режимине өттү




 Майлуу-Суу шаарына өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу бардык билим берүү мекемелери окутуунун онлайн форматына өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Онлайн окутуу шаардагы абал калыбына келгенге чейин уланмакчы.


Эскерте кетсек, 2023-жылдын 12-январында катуу сууктун айынан Майлуу-Суу шаарындагы калкты таза суу менен камсыз кылуучу сууканалынын түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Мындан улам Майлуу-Суу шаарына 13-январда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн