Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 02:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Майлуу-Суудагы электр лампа заводун модернизациялоо үчүн 1 млрд бөлүнөт

20.07.2022 11:13
892
Майлуу-Суудагы электр лампа заводун модернизациялоо үчүн 1 млрд бөлүнөт


Майлуу-Суудагы электр лампа заводуна бюджеттен 1 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди.


Анын айтымында, ишкана мамлекеттин менчигине өткөн. Азыр анда 1,8 миң адам иштейт. Ошондуктан модернизациялоого жана жумуш орундарын көбөйтүүгө каражат бөлүү чечими кабыл алынган.


«Биз мамлекеттин катышуусу менен биргелешкен ишканаларга инвестиция тартуу маселесин кароого даярбыз. Мисалы, Кара-Балтадагы автомобиль оңдоочу завод мамлекеттик менчикке өткөн. Анын негизинде тракторлорду жыйноо боюнча биргелешкен ишкана түзүлгөн. Анын 60 пайызы Кытайдан келген инвесторго тиешелүү», - деди Данияр Амангелдиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн