Майрам Акаеванын апасы 104 жашка чыгып каза болду. Бул тууралуу журналист Элнура Кулуева билдирди.
"Майрам эжеге, Санат эжеге көңүл айтабыз. Кайрат кылыңыздар. Апанын жаткан жери жайлуу болсун. Апа жөнүндө көп жакшы сөздөрдү уккан элем. Нускалуу эне болгон. 104 жашка чыккан апа Кудайдын сүйгөн пендеси деп эсептейм. Майрам эже Кыргызстанга келип, апасына топурак салсын. Көзү тирүүсүндө апакесин бир кучактай алган жок", - деди журналист.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн