Бугу 08, 2024
Убакыт: 20:02
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Майрамбек! - өмүрүң кыска болсо да, өрнөктүү изиңди замандаштарың унутпайт (фото)

19.04.2021 16:39
1548
Майрамбек! - өмүрүң кыска болсо да, өрнөктүү изиңди замандаштарың унутпайт (фото)


Жогорку Кеңештин Аппаратынын Басма сөз кызматынын эксперти, журналист Тойгонбаев Майрамбек Осмоналиевич 17-апрелде мезгилсиз дүйнөдөн кайтып, кыргыз журналистикасын орду толгус жоготууга учуратып кетти. Суук кабарды уккандан бери үй-бүлөсү, ата-энеси, бир туугандары, жакындары, кесиптештери, группалаш, достору жана сыртынан тааныгандардын бардыгы ишенгиси келбей, майышып турган чактары.


Ал 33 гана жашка чыкканына карабай, тар чөйрөдө же журналисттер арасында эле эмес, кыргыз интеллигенциясында, саясатта өз ордун таап, кадыр барк топтоого жетишип баштаганын ал тууралуу социалдык тармактарда жазылган көптөгөн посттордон байкоого болот. Алардын баары маркумдун адамкерчилигин, боорукерлигин, чыдамкайлыгын, кандай маселе болбосун аны оң жагына чече билген тапкычтыгын, талаш-тартыштар жаралса чындыкты издеп табууга болгон тырышчаактыгын, ишине жоопкерчиликтүүлүгүн, ошондой эле ар бир адамдын көңүлүнө карап мимиле кылган жумшак мүнөзүн, достукка бекемдигин, ак көңүлдүгүн, тамашакөй жана барган жерин майрамдагыдай шаңга бөлөгөн шайыр мүнөзүн белгилеп, өкүнүп жаткан учур.

 

Журналистиканын ылдыйкы тепкичтеринен өтүп, Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматында иштөө менен эң негизги жана жооптуу деп саналган “Парламентаризм сабактары” жана “Күн тартибинде” теле берүүлөрүн алып баруу милдети жүктөлүп, аны татыктуу деңгээлде ишке ашырып жатканынын өзү – журналисттик кесипте мыкты даярдыгы бар экенин көрсөтөт.


"Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттиги Майрамбекти эскерүү максатында анын жакын санаалаштары, достору жана кесиптештеринин оюн ортого салат. 


Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева: Биз ооруну жеңип кетет деп ойлогонбуз

- Майрамбек дайыма бир калыпта жүргөн, абдан адамкерчиликтүү, өз ишин так аткарган кесипкөй адам болчу. Ооруп, бейтапканага түштү, инсульт алыптыр деп Басма сөз кызматындагылар чалып калышты. Бирок биз аны жаш эмеспи ооруну жеңип кетет деп ойлогонбуз. Тилекке каршы андай болбой, жаш кезинде өтүп кеткени абдан өкүнүчтүү. Эң башкы сапаттары – шайыр, ишине оор басырыктуу мамиле жасаган жакшы адам болчу.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Ибраим Нуракун уулу (устаты) Майрамбектин депутат болом деген дымагы бар эле

 - Майрамбек менен 4 жылга жакын иштешип калдым, ага-инидей эле болуп калганбыз. Ал кесипкөй эле эмес, патриот, элди сүйгөн адам эле, ушунусу менен эсте калды. Журналист катары айылдардын, региондордун турмушун абдан жакшы билчү десем жаңылбайм. Анткени, депутаттар менен аймактарды көп кыдырды. Кайсы айылда эмне көйгөй бар экенин абдан жакшы билээр эле. Региондордогу абалды көрүп, кээде баш чайкап келсе, кээде ыраазы болуп келчи. Жаш болгонуна карабай тажрыйбасы мол эле да. Мисалы, Нарында 21-кылымда Дүйшөндүн мектеби өңдөңгөн мектептер бар экенин, кайсы аймакта иштен чыккан ооруканалар бар, кайсы жакта таза суу жок, жолдор начар, бүт бардыгын так билчү жана ар дайым күйүп-бышып турар эле. Депутаттарга айтып, ага көңүл буруусун сурап калчу. Өзүм депутат болуп, ушул маселелерди өзүм чечсем деген да дымагы бар болчу. Кесиптик жактан абдан такшалган. Сайт болобу, ТВ болобу бардык жагынан такшалган мыкты журналист эле. Майрамбекти журналистиканын жаңы стандарттарына үйрөтүп, устат катары “Парламентаризм сабактары” көрсөтүүсүн алып барууга даярдап жүргөм. Акыркы чыгарылыштарын алып барып жүрдү, өзүнө да абдан жагаар эле. Майрамбек саясатты, экономика жана башка бардык тармактагы маселелерди түшүнгөн журналист болчу. Жаш кетти, кыргыз журналистикасындагы жылдыздардын бири өчтү. Көрүнүктүү, келечектүү журналист катары жакшы чыгып келе жатканын эстегенде кабыргабыз кайышып жатат. Бир апта мурун сүйлөшкөнүбүздө маанайы, ден соолугу жакшы эле. Күтүүсүз окуя болуп кетти, айла жок экен, балдарына, үй-бүлөсүнө, ата-энесине көңүл айтабыз!


Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын сектор башчысы Кипариза Сурахманова (кесиптеши): Саламаттыгынан көйгөй жаралганын билгизбептир

 - Ишине өтө так, адамкерчиликтүү, кандай талаш маселе болбосун ошонун чындыгын тапканга абдан аракет кылган чыныгы кесипкөй, жаш болсо да авторитетке ээ болгон журналист болчу. Бул тармакта мисалы, “Шок-факт” сыяктуу криминалдык берүүлөрдү даярдоодо жаш болсо дагы ошого жүрөгү даап, элдин көйгөйүн чечсем экен деген чыныгы патриот жигит эле. Тамашакөй, чындыкты айтаарда дагы тамашага салып жеткире билген жөндөмүн баалачумун. Өзүнүн саламаттыгынан көйгөй жаралса дагы эч бир билгизбей, ошончо деңгээлге жеткиргенине таң калдым. Ичинен сызып эле жүргөн окшойт да. Бизде жылына Спец поликлиникадан медициналык кароодон өтүп турууга шарт түзүлгөн. Ал жакка мурда текшерилип турчубу же барчу эмес беле билбейт экенмин. Анда-санда ден соолугуна кабатырланып жатканын көрсөк билет элек да. “Парламентаризм сабактары” телеберүүсүнүн деңгээли жакшы болгону үчүн ошол программаны алып барууга катышып калды, “Күн тартибинде” программасын алып барчы. Андан тышкары чыгармачылыкта жаза калган ырларын окуп калам. Жакшы кишинин тагдыры да башкача болот окшойт.

 

КТРКнын “Маалымат” бирикмесинин башчысы Бактыяр Тукеев (маркумдун группалашы, жакын досу): Майрамбектин алдыга коюп кеткен ой максаттарын биз аткарабыз   

- Майрамбек менин бир тууганымдай болуп калган досум болчу. Экөөбүз 2005-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун босогосун аттагандан бери бир Факультетте, бир группада 5 жыл чогуу окуп, бир жатаканада, бир бөлмөдө бирге турганбыз. Кийин журналисттик кесипке чогуу аттанып, гезитте, КТРКда иштеп баштадык. Майрамбек жумушка жоопкерчилик менен караган, тоодой пейил, бийик адамкерчилиги бар, мыкты дос, мыкты сырдаш, мыкты кесиптеш эле. Майрамбек жумушка болгон, мекенге болгон түз, жоопкерчиликтүү мамилеси менен кыргыз коомчулугунда, кыргыз журналистикасында опол тоодой сый-урматка, кадыр-баркка ээ боло алды. Анын эң мыкты сапаты – бийик адамкерчиликтүүлүгүндө эле. Ошондой мыкты инсаныбыздан бүгүн минтип ажырап отурабыз. Артында эки уул, бир кызы, ата-энеси калды. Алардын баарына көңүл айтып, кайрат тилейбиз. Бүгүн бүтүндөй кыргыз эли, Ат-Башы эли чоң жоготууга учурап отурат. Майрамбектин алдыда кичи мекени үчүн, кыргыз эли үчүн, кыргыз журналистикасы үчүн, кыргыз саясаты үчүн чоң максаттары, иштери бар эле, анын баары жасалбай калды. Биз – кесиптештери, достору, замандаштары анын жасалбай кеткен иштерин улантып, асыл-тилектерин, ой максаттарын ишке ашырабыз деп ишеничтүү айта алам. Ал үчүн болгон аракетибизди Макемдин элесине арнап жумшамакчыбыз.

 

“Марал” радиосунун диджейи Кундуз Казыбекова (группалашы): Ар бир дептеримдин артында Майрамбектин ырлары бар

- Майрамбек менен 5 жыл бирге окуп, бир жатканада туруп, жакшы күндөр өттү. Ал өзгөчө шайыр мүнөзү менен кеңпейлдиги, айкөлдүгү менен айырмаланчу. Анткени бардыгына бирдей мимиле кылчы. Эсимде, жаңы окууга тапшырып келгенде чогуу отуруп калчыбыз. Анан ал мени карап алып эле “Апам жапкан нанды сагынам” деп ырдай берчү, аны угуп алып мен ыйлайм. Кайра ал мени соорото албай, “мен сага шоколад алып берем” деп тамашалап калчы. Менин ар бир дептеримдин артына ыр чыгарып жаза берчи, кийин китеп кылып чыгарарда сенден алып алам деп. Ырлардын аягына Майрамбек Осмоналиевич деп өзүнүн колтамгасын коюп коёор эле. Кийин да үй-бүлөлүк катышта жүрдүк, биздин үйлөнүү тоюбузга келип, жакшы тилектерин айтып кеткен. Каза болоордун алдында мага байланышка чыгып, тамашалашып сүйлөшүп калдык. Көрсө ошол сүйлөшүү биздин акыркы жолу байланышуубуз болуптур. Жолугалы, бир жумуштарды бүтүрөлү деген алдыда пландар бар болчу. Тилекке каршы, ага да жете албай калдык. Арабыздан көлдөй болгон адамды жоготуу өтө оор албетте. Биздин группалаштардын “вотсаппта” тайпасы бар, жакында эле ал жазып, баарыбызды жолугушууга чакырып жаткан. Буюрса, Орозо айы бүтсө чогулуп, сагынычыбызды тараталы деп пландап, башыбызды бириктирүү демилгесин көтөрүп жатканын эстесем жүрөгүм ооруйт. Бирок ал пландар ишке ашпай калганы өкүнүчтүү. Арты кайрылуу болсун, жакындарына, келинчегине, ата-энесине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.


Маркумдун өмүр жолу

Майрамбек Тойгонбаев 1987-жылы 29-апрелде Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Большевик айылында туулган. 2010-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "Журналистика" адистиги боюнча аяктаган.

2009-2013-жылдары КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат-аналитикалык программасында кабарчы болуп эмгектенген.

2013-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясында Басма сөз катчысы болуп иштеген.

2015-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Басма сөз кызматында сектор башчысы, андан соң эксперт кызматын аркалап келген.

Майрамбек Тойгонбаев бийик адамгерчилиги жана талыкпаган эмгекчилдиги менен мамлекеттик жумушта жигердүү иштеп, кыска өмүрүндө кыргыз эли үчүн кызмат кылды. Мамлекеттик-жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси болуп, журналист катары бир топ сыйлыктарга жетишкен.

Маркумдун сөөгү бүгүн, 19-апрелде өзү туулуп өскөн Ат-Башы районунда жерге берилди. 

 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Ташполотова Элнура
Майрамбека ото адамгерчилиги бийик инсан еле . Группада шайыр муноз тамшакой жигитболчу. Аттин омуру кыска экен.
Аснкулова Айсулуу Талантовна
Майрамбек незизи ото жакшы адам, журуму туруму озгочо так журчу эле менин группалашым ото мунозу да жакшы каап эрте эле кетип калдын, негизи жакшы адамдарды алып кетет деген чын экен, жаткан жерин жайлуу болсун, калган омурун балдарына, туугандарына берсин