Бугу 16, 2024
Убакыт: 08:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Мбаппе дүйнөнүн эң кымбат оюнчусу

09.06.2020 13:00
937
Мбаппе дүйнөнүн эң кымбат оюнчусу


CIES Football Observatory уюму дүйнөдөгү эң кымбат футболчулардын тизмегин жарыялады.


Тизмекке Европанын алдынкы 5 лигасында ойногон футболчулар кирген. Аларга баа берүү CIESдун өзүнүн тажрыйбасы менен жүргүзүлгөн.


Эң кымбат футболчу деп 259,2 миллион еврого бааланган “ПСЖ” клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе табылган. Дарбазачылардын арасында “Манчестер Ситинин” оюнчусу Эдерсон (86,8 миллион), коргоочулардын ичинде “Ливерпулдун” оюнчусу Трент Александер Арнолд (171,1 миллион), жарым коргоочулардын ичинде “Манчестер Ситинин” вингери Рахим Стерлинг (194,7 миллион) табылган.


“Барселонанын” чабуулчусу Лионель Месси 21-орунга жайгашып, 100,1 миллион еврого бааланган. Ал эми Криштиан Роналду 70-тизмектен орун алган (62,8 миллион).


Алдынкы он оюнчунун тизмеги:


1. Килиан Мбаппе, ПСЖ – 259,2 млн евро

2. Рахим Стерлинг, Манчестер Сити – 194,7 млн

3. Жейдон Санчо, Боруссия Дортмунд – 179,1 млн

4. Трент Александер-Арнолд, Ливерпуль – 171,1 млн

5. Маркус Рэшфорд, Манчестер Юнайтед – 152,3 млн

6. Мохамед Салах, Ливерпуль – 144,9 млн

7. Садьо МанеЛиверпуль – 139,2 млн

8. Антуан ГризманнБарселона – 136,4 млн

9. Альфонсо Дэвис, Бавария – 133,5 млн

10. Харри Кейн, Тоттенхэм – 118,7 млн.

Оюнчулардын толук тизмеги менен бул жерден тааныша аласыз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн