Бугу 10, 2024
Убакыт: 14:23
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Мечиттеги кайрымдуулук кутусунан акча уурдаган жаран кармалды

20.09.2021 17:06
794
Мечиттеги кайрымдуулук кутусунан акча уурдаган жаран кармалды

Токмоктогу мечиттердин биринен акча уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Эскерте кетсек, буга чейин ушул жылдын август айында социалдык тармактарда белгисиз эркек киши Чүй облусунун Токмок шаарындагы мечиттен садака кутусунан акча уурдаган видео материал жарыяланган. Ал адамдын кылыктары видеокөзөмөл камерасына түшүп калган.


Аталган факт Токмок шаарынын КЖБР КР Кылмыш жана жаза кодексинин 200 (Уурдоо) беренеси боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп келген.


Тергөө жана ыкчам иш-чаралардын алкагында Чүй облустук ИИББнин жана Токмок шаардык ИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы фактыга шектүү катары 31 жаштагы М.А. аттуу жаран аныкталып, ички иштер бөлүмүнө жеткирилип тергөө кызматына өткөрүлгөн.


Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Чүй облусунда жана республиканын башка региондорунда ушул сыяктуу башка дагы уурулук фактыларына тиешеси бар экени аныкталууда. Бардык фактылар боюнча текшерүү иштери башталды.


Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн